Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

 

2017-жылдын 23-майы №15

Штат алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кашка – Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Бакировдун айыл аймагындагы айылдарды жарыктандыруунун курулушуна эки жумушчу алууга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеӊешинин кезектеги сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Айыл аймагындагы айылдарды жарыктандыруунун курулушуна эки жумушчу алууга макулдук берилсин.

 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук когоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук бирикмелер менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ы.Эрмаматов