Редакцияот 22.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 22-майы № 7/4

Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 10-майындагы чыгыш №11-165-17 катын жетекчиликке жана аткарууга алуу жана арак-тамеки сатууга чектөө киргизүү жөнүндө

 

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 10-майындагы чыгыш №11-165-17 каты боюнча, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы №12/1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

            2. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо боюнча Ак-Моюн айыл аймагынын бардык дүкөндөрүндө кечки саат: 20-00дөн, эртең мененки саат: 8-00гө чейин арак-тамеки, насвай сатууга чектөө киргизилсин, мектеп окуучуларына арак-тамеки, насвай сатууга тыюу салынсын.

            3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.

 

Төрага

 

К.Асаналиев