Редакцияот 22.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 22-майы № 7/9

Ак-Моюн айыл аймагына курула турган вет.клиниканын, Бирдик айылына салына турган жаңы купканын жана Ак-Моюн айылына курула турган көпүрөнүн документтерин бүткөрүү үчүн акча каражат кароо жөнүндө

 

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Ак-Моюн айыл аймагына курула турган вет.клиниканын, Бирдик айылына салына турган жаңы купканын жана Ак-Моюн айылына курула турган көпүрөнүн документтерин бүткөрүү үчүн 100000 (бир жүз миң) сом акча каражаты 2016-жылдан үнөм болгон акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

            2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

 

К. Асаналиев