Редакцияот 19.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 19-июлу № 9/1

Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү элге кызмат көрсөткөн мекемелердин (ФАП, клуб, китепкана, почта, билим берүү мекемелери; мектеп, бала-бакча, таза суу, жайыт ж.б.) 2016-2017-жылдарга карата аткарган иштери жана 2017-2018-жылдын кыш айларына карата даярдыктары жөнүндө

 

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Ак-Моюн айыл аймагынын төмөндөгү мекеме жетекчилери: Ак-Моюн айылдык китепканачысы Эсенгул кызы Жаннаттын, Ак-Моюн айылындагы ФАПтын башчысы Г.Мустапаеванын Бирдик айылындагы ФАПтын башчысы Ж.Сыдыбаеванын, А.Койчуманов атындагы орто мектептин директору Э.Кадырованын, С.Мурзакматов атындагы орто мектептин директору А.Исаевдин, «Тамчы-Булак» балдар бакчасынын директору Г.Тойтукееванын, «Бирлик-Таазими» балдар бакчасынын директору М.Мөндүрбаеванын, Бирдик айылындагы айылдык клубдун башчысы Э.Жанаковдун, Ак-Моюн айылдык клубдун башчысы Ж.Аалиевдин, «Бирлик-Булак» ИСКАКБнын башчысы Т.Бегалиевдин жана Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековдордун 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп баалансын.

            2. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын башчысы Т.Жумакадыровдун Ак-Моюн айылындагы таза сууга төлөнүүчү 5% төлөмдү убагында чогултпай кайдыгер мамиле жасап келгендиги эске алынып, 2017-жылдын сентябрь айына чейин элдеги таза сууга болгон мурунку жылдардагы карыздарды толук өндүрүп, төгүп кутулуу тапшырмасы берилсин.

            3. «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБ таза суусуна болгон карыз акчаларын тактап чыгуу, өндүрүү максатында, Ак-Моюн айылындагы элдин санын чарба китеп боюнча тактоо үчүн, төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:

- Комиссиянын төрагасы Мусабек Манаев,

- Комиссиянын мүчөлөрү Т. Мурзалиев, К.Асаналиев, К.Үмөталиев, Т. Макешовдор бекитилсин.

            4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.

 

Төрага

 

К.Асаналиев