Редакцияот 19.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 19-июлу № 9/3

Ак-Моюн айылынын тургуну Ниязакунов Русландын жазган арызын кароо жөнүндө

 

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, жогорудагыларды угуп жана талкуулап,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан Ак-Моюн айыл аймагындагы калктуу конуштардын чек-араларын тактоо жумуштары жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Ат-оюндарын уюштурууга ылайктуу жер тилкесин бөлүп берүү жагы, калктуу конуштардын чек-араларын тактоо жумуштары бүткөрүлгөндөн кийин, мыйзам чегинде каралсын.

            2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.

 

Төрага

 

К. Асаналиев