Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы ( VII чакырылыш )

 

2017-жылдын 17-июлу №1/2

Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын социалдык объектилерде аткарылып жаткан жумуштары жөнүндө

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын социалдык объектилерде аткарылып жаткан жумуштары жөнүндө комиссиянын төрагасы Мамытов Санжардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коргон-Дөбө Ф-13 айылдык китепканасынын жетекчиси Ж.Алибекованын жана Ак-Суу Ф-14 борборлоштурулган китепканасынын жетекчиси Т.Анарбекованын 2017-жылдын 6 айындагы аткарган жумуштары кабыл алынсын.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т. Эшалиев