Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №1/7

Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын социалдык объектилерде аткарылып жаткан жумуштары жөнүндө

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын социалдык объектилерде аткарылып жаткан жумуштары жөнүндө комиссиянын төрагасы Мамытов Санжардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №12 К.Шеркулов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Т.Буйлашовдун 2017-2018-окуу жылына карата 6 айга ремонт боюнча аткарган жумуштары “Канаттандыраарлык эмес” деп белгиленсин.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т. Эшалиев