Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №3/1

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы 6 ай ичинде аткарган бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы 6 ай ичинде аткарган бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы 6 ай ичинде аткарган бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековдун 2017-жылдын 6 айга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы “Канаттандыраарлык” деп табылсын.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т. Эшалиев