Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин V сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №4/4

Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Б.Кадыркуловдун жазган арызын кароо жөнүндө

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Б.Кадыркуловдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө жазган арызын айылдык кенештин депутаттары, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Б.Кадыркуловдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

6. Бул токтомду жетекчиликке алуу айылдык кенештин төрагасы Т.Эшалиевден суралсын.

 

Төрага

 

Т. Эшалиев