Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык кеңешинин 16-сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 15-июлу №16-8
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына Беш Арча ЖЧКсынын ишканасынын жетекчиси арыз жазган. Айыл өкмөтүнүн Кичик Алай айылындагы жайытка караштуу 15га жерди мурдатан пайдаланып жүргөн , ошого кошумча 10га жерди убактылуу пайдалануу үчүн арыз менен кайрылган . Ошол арызды айыл кеңешинин депутаттары карап чыгып төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ
1. Н.Исанов атындагы айыл кенеши Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен Беш арча ЖЧКсынын ишканасы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставдарына ылайык 3(үч) тараптуу келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү мамлекеттик мекелемелерден уруксат алуу жагы Беш арча ЖЧКсынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин айыл чарба тоокендери жаратлышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Карамоторовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
КЕЛИШИМ №31
Жаңы-Базар айылы | «15» 07 2017ж |
Биз төмөндө келишим түзүп кол коючулар :
1- тарап Н. Исанов айыл аймагынын башчысы Н.Асанов
2- тарап «Беш-Арча» ЖЧКнын директору У.
3- тарап Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Маманов
Келишимдин мазмуну
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Кичи-Алай тараптагы Заккашка-Суу жайлоосундагы эски жолду 15 га жана 10 га жерди убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу.
2. Убактылуу пайдаланууга берилген жерди келтирилген зыяндары КРнын мыйзамдарына ылайык экинчи тарап төлөп берет.
3. КРнын мыйзамдарына ылайык пайдаланылган жерге тийиштүү мамлекеттик мекемелерден уруксат алуу жагы «Беш Арча» ЖЧКсына жүктөлсүн.
2.Тараптын укуктары жана милдеттери
2.1. Н. Исанов атындагы айыл аймагындагы Кичи-Алай тараптагы жолду тазалап убактылуу иштетүү үчүн «Беш-Арча» ЖЧК берет жана төмөндөгудөй талаптарды коет.
2.2. КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары сакталсын.
2.3. Кичи-Алай тараптагы көпүрөлөрдүн жана жолдордун жакшы абалда сакталышын көзөмөлгө алынсын жана жоопкерчиликтүү болсун.
2.4. «Беш-Арча» көмур кенинде иштеген жумушчулардын 30% пайызы, Кашка-Суу айылынын тургундарынан жумушка алынсын.