Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VIII сессиясы (V чакырылыш )
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-1
Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Калбекованын билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Калбекованын билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жыл 9 айдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселе Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жыл 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча сөз Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Калбековага берилет.
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 9 (тогуз) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше болугу 36555,7 миң. сомду түзөт. Ал эми 9 (тогуз) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 44502,2 миң сомду түзду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 9 (тогуз) айга такталган планы 44502,2 миң сом болсо, 9 (тогуз) ай ичинде 41375,5 миң сом же болбосо 3126,7 миң сомго кем аткарылды.
1.Атап айтсак, киреше салык планы 12120,5 миң сом болсо, аткарылганы 9801,0 миң сомду түзүп, план 2319,5 мин сомго аз, же 80,9% ке аткарылды.
2.Бирдиктүү салык планы 193,3 миң сом болсо, аткарылганы 309,9 миң сомду түзүп, план 160,3% ке, же 116,6 миң сомго ашыкча аткарылды.
3.Патенттен тушкон салык планы 11968,2 миң сом болсо, аткарылганы 11421,9 миң план 95,6 % ке аткарылды.
4.Кыймылсыз мулк салыгы 2409,3 миң сом болсо, аткарылганы 2735,0 миң сомду түзүп, план 113,5% ке, же 325,7 миң сомго коп аткарылды.
5.Транспорт салыгы планы 1250,0 миң сом болсо, аткарылганы 1763,7 миң сомду түзүп, план 141,1 % ке, же 513,7 миң сомго коп аткарылды.
6.Жер салыгы план 1408,7 мин сом болсо.аткарылганы1605,2 мин сомду тузуп план 113,9%ке аткарылды,же болбосо 196,5 мин сомго коп аткарылды.
7.Сатуудан тушкон салык планы 8697,2 миң сом болсо, аткарылганы 8076,8 миң сомду түзүп, план 92,9 % ке аткарылды.
8.Таштанды ташып чыгаруу салык планы 280,0 миң сом болсо, аткарылганы 320,8 миң сомду түзүп, план 114,6 % ке, же 40,8 миң сомго көп аткарылды.
9.Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 162,3 миң сом болсо, аткарылганы 62,7 миң сомду түзүп, план 38,6% га, же 99,6 миң сомго кем аткарылды.