Редакцияот 25.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы (бешинчи чакырылыш)

 

2017-жылдын 25-августу №10

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Беш-Кепе айылында волейбол аянтчасын курууга макулдук берүү жана ал аянтча үчүн 0,10 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Курбанбаев Урматтын Беш-Кепе айылында волейбол аянтчасы үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Беш-Кепе айылында волейбол аянтчасын курууга

макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтү тарабынан Беш-Кепе айылында волейбол аянтчасын куруу үчүн 0,10 га

жер тилкеси ажыратылып берилсин.

3. Макулдуктун негизинде иш алып баруу жана жер тилкесин ажыратып берүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т.Туйбаев).

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Беделов