Редакцияот 27.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 27-марты №24

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жөлөк пулдун чегерилиши жөнүндө

 

Жөлөк пулдун чегерилиши боюнча Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык жактан тейлөө адисиинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистердин 2016-жылда аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана айылдардагы социалдык жактан көйгөйлүү маселелерге айыл башчылар соц.адистерге көмөктөшүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык-маданий, байланыш жана коммуналдык чарба менен иштоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Мапаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Каламбеков