Редакцияот 12.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 9-отуруму

 

2017-жылдын 12-июлу №9/12

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 22-июнундагы Гүлчө айылына кире бериштеги ПМ нын имаратына маркум К.Абдылдаевдин атын коюу боюнча №01-17/287 сунуш каты жөнүндө жасайт

 

Гүлчө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 22-июнундагы Гүлчө айылына кире бериштеги ПМнын имаратына маркум К.Абдылдаевдин атын коюу боюнча №01-17/287 сунуш каты эске алынсын.

2. Гүлчө айылына кире бериштеги ПМнын имаратына маркум Абдылдаев Касымбек Төрөкуловичтин ысымы ыйгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Исмаилов