ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 12-отуруму
2017-жылдын 20-ноябры №12/5
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул көчөсүнүн тургуну Машаев Бердибайдын аялы экөө тен майып болуп турмуш шарты оор болгондуктан өзүнүн уулу үчүн бала бакчага төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотуп берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул көчөсүнүн тургуну Машаев Бердибайдын аялы экөө тен майып болуп турмуш шарты оор болгондуктан уулу №2 балдар бакчасында тарбияланып жаткан 24.10.2014-жылы туулган Сагынбаев Элбий Бердибаевич ата-энелер төлөмүнөн бошотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |