Редакцияот 19.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы

 

2017-жылдын 19-майы №24

Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы 571-токтомун негизинде Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укгун берүү боюнча комиссиясын түзүү максатында Савай айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл өкмөтүнүн аймагында убактылуу жер сатуу боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн.

- Каримжанов Р - Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

мүчөлөрү;

- Абдуллаев А - Савай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

- Кармышаков А - Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси;

-Женмуратов А - Савай айыл өкмөтүнүн салык кызматкери;

- Мурзакулов Х - Кен-Сай айылынын айыл башчысы;

- Полотов Г - Султан-абад айылынын башчысы;

- Хакимов Б - Савай айылдык Кеңешинин депутаты.

2. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

С. Сыдыков