Редакцияот 18.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеӊешинин 6 сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 18-майы №20

Айыл өкмөтүнүн аймагында диний экстремизм фундаментализмдин жайылышына жол бербөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн диний экстремизм фундаментализмдин жайылышына жол бербөө боюнча аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылсын.

2. Диний экстремизм фундаментализмдин жайылышына жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айылдык мечиттин имамдарына, милициянын участкалык тескөөчүлөрүнө, мектептин директорлоруна тапшырылсын.

3. Диний экстремизмге каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү колго алынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго тапшырылсын.

 

Төрага

И. Тилеков