Редакцияот 18.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеӊешинин 6 сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 18-майы №21

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан Дара айыл өкмөтүнө таза суу линиясын тартуу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

 

Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6.03 № 01-17/69 катынын негизинде Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнө таза суу линиясын тартуу үчүн Кара-Булак айыл өкмөтүнөн 0,20 га жер ажыратылып берилсин.

2. Дара айыл өкмөтүнөн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бак дарактарына жумасына бир жолу 12 саатка суу берилип турсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго тапшырылсын.

 

Төрага

И. Тилеков