Редакцияот 25.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 29-сессиясы (V шайланган)

 

2017-жылдын 25-апрели № 29\1

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин аймагындагы № 3 он мандаттуу «Совет» шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты Муратбеков Нурадил Апызовичтин депутаттык ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откорүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жыл 6 – апрелиндеги № 82 «Кара-Кулжа айылдык кеңешинин аймагындагы № 3 он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты Муратбеков Нурадил Апызовичти айылдык кеңештин депутаттыгына таануу жөнүндөгү» токтомунун негизинде Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин аймагындагы № 3 он мандаттуу «Совет» шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты Муратбеков Нурадил Апызович айылдык кеңештин депутаттыгына шайлангандыгы көнүлгө алынсын.

2. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Муратбеков Нурадил Апызовичти депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына сунуштоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Абдыкадыров