Редакцияот 17.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Алма айылдык Кеңешинин кезексиз № 5- сессиясы

 

2017-жылдын 17-июну №2

Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга киреше чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө

     Кара-Алма айыл өкмүтүнун жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020-жылдарга киреше жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү боюнча айыл өкмөттүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2018-2019-2020-жылдарга долбоорунун эсептери боюнча;

            2. 2018-жыл үчүн бюджеттин божомолу-6288,9 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин көлөмү -1730,5 миӊ сом, теңдөө грантынын көлөмү 4396,4 миӊ сом,

            3. 2019-жыл үчүн бюджеттин божомолу-6424,3 миӊ сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин көлөмү -1732,5мин сом, теңдөө грантынын көлөмү 4529,8 миӊ сом.

            4. 2020-жыл үчүн бюджеттин божомолу-6424,3 миӊ сом, анын ичинен жергиликтүү бюдлжеттин көлөмү -1732,5 миӊ сом, теңдөө грантынын көлөмү 4529,8 миӊ сом

            5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н. Шералиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э. А. Омошев