Редакцияот 04.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 04-августу №23

Электр энергиясына төлөм каражаттарынын чогултулушу жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагынын электр энергиясынын төлөмдөрүн жыйноо жана эсептешүү боюнча адиси Чырашов Мурас Жеенбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ничке-Сай айыл аймагынын электр энергиясынын төлөм каражаттарынын сапаты боюнча 2017-жылдын алты айлык жыйынтыгында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Мындан ары дагы жалпы айыл тургундары менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана электр энергиясынын төлөмдөрүнө болгон карыздарын кыскартуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү жагы М.Чырашовко тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин..

4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Т. Эрмекбаев