Редакцияот 18.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеӊешинин 6 сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 18-майы №22

Баткен райондук мамлекеттик админинистрациясына жана райондук мекеме ишканаларга административдик имарат куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин У1-чакырылышынын 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын түштүк тарабынан контур № 906 запастагы таштактуу жайыт жерден райондук мекеме ишканаларга административдик имарат курууга 15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул көрсөтүлгөн 15 га жер аянты 5 жыл аралыгында токтомдо көрсөтүлгөн мааниде максаттуу пайдаланылбаса кайрадан Кара-Булак айыл өкмөтүнүн балансасында калсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Тайлановго тапшырылсын.

 

Төрага

И. Тилеков