Редакцияот 18.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеӊешинин 6 сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 18-майы №24

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айгүл таш тоосун Баткен токой чарбасынын карамагына өткөрүү жөнүндө

 

Баткен токой чарбасынын 2017-жылдын 1-февралындагы № 01-22/171 катынын негизинде Кара-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылындагы «Айгүл-Таш» тоосу Баткен токой чарбасынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго тапшырылсын.

 

Төрага

И. Тилеков