ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз V сессиясы (XXVI чакырылыш)
2017-жылдын 21-июлу №4
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында «Таза-Жерге-Тал» муниципиалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында «Таза-Жерге-Тал» муниципалдык ишкана уюштуруу боюнча маселени угуп , талкуулап, Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » мыйзамынын 19- беренесин жетекчилике алып Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында «Таза- Жерге-Тал» муниципалдык ишканасы уюштурууга макулдук берилсин .
2. «Таза- Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Миназаров Руслан Рыскулович дайындоого макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тийиштүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын терагасы Дуйшеев Асылбек Шаасановичке жүктөлсүн.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүп jergetal.naryn-region.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Өмүров |