Редакцияот 12.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы

 

2017-жылдын 12-сентябры №10-4

Төөлөс айыл аймагындагы ээсиз калган обьектилерди инвентаризация кылуу жана баланска алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылга карата Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ээсиз калган обьектилерди инвентаризация кылуу жана Төөлөс айыл өкмөтүнүн балансына киргизүү жагы тийиштүү комиссия курамына жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин» Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, траспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Абдырахманов