Редакцияот 05.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму

 

2015-жылдын 5-октябры № VII-1

         Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Калбекованын билдирүүсү жөнүндө

Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Калбекованын билдирүүсү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Калбекованын билдирүүсү эске алынсын.

(Билдирүү тиркелет)

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров

 

Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 5-октябрындагы V чакырылыш VII сессиясынын №-VII-1 токтомуна №1 тиркеме

Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Калбековнанын билдирүүсү жөнүндө.

 Урматтуу төрага!

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!

 Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 6 (алты) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше бөлүгү 24032,4 миң сом түзөт. Ал эми 6 ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 29736,3 миң сомду түздү. Жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 6 айга такталган планы 29736,3 миң сом болсо, 6 (алты) ай ичинде 28767,6 миң сом же болбосо 968,7 миң сомго кем аткарылды.

Атап айтсак, киреше салык планы 9177,3 миң сом болсо, аткарылганы 6991,2 миң сомду түзүп, план 2186,1 миң сомго аз, же 76,2% га аткарылды.

Бирдиктүү салык планы 127,3 миң сом болсо, аткарылганы 217,2 миң сомду түзүп, план 89,9% га, же 170,6 миң сомго көп аткарылды.

Патенттен түшкөн салык планы 7883,9 миң сом болсо, аткарылганы 7539,4 миң сом болуп, план 95,6% га аткарылды.

Кыймылсыз мүлк салыгы 714,4 миң сом болсо, аткарылганы 802,6 миң сомду түзүп, план 112,3% га, же 88,2 миң сомго көп аткарылды.

Транспорт салыгы планы 1234,9 миң сом болсо, аткарылганы 1331,6 миң сомду түзүп, план 107,8% га, же 96,7 миң сомго көп аткарылды.

Сатуудан түшкөн салык планы 4471,2 миң сом болсо, аткарылганы 5272,1 миң сомду түзүп, план 117,9% га, же 800,9 миң сомго көп аткарылды.

Таштанды ташып чыгаруу салык планы 280,0 миң сом болсо, аткарылганы 303,2 миң сомду түзүп, план 108,3% га, же 23,2 миң сомго көп аткарылды.

Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 162,3 миң сом болсо, аткарылганы 62,7 миң        сомду түзүп, план 38,6% га, же 99,6 миң сомго кем аткарылды.

Авто токтоочу жайдын (порковканын) планы 598,6 миң сом болсо, аткарылганы 276,0 миң сомду түзүп, план 46,1% га, же 322,6 миң сомго кем аткарылды.