Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры № 30
“Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөpтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому мамлекеттик тилдеги тексти менен толукталсын (1-тиркеме).
2. 2002 жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобосу мамлекеттик тилдеги тексти менен толукталсын (2-тиркеме).
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун бардык тексти боюнча К4-калибровкалык коэффициенти алынып салынсын.
4. Бишкек шаарынын мэриясы эки айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жүктөлсүн.
Төрага | В. М. Лисниченко |
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын “___” __________ №___ токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын 11-июлундагы № 221, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомдорунун редакциясында)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартибин тартипке салуу жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө тиркелүүчү жобо бекитилсин.
2. Кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн бош (курулушу жок) жер участокторуна жана коомдук транспорт аялдамаларын кошпогондо, жалпы пайдалануудагы жерлерге чектелген буюм укуктарын берүү тартибин жөнгө салуучу Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун ченемдери Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 120 “Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” токтомунун иштөө мөөнөтү бүткөндө же күчүн жоготту деп таанылгандан тартып ишке киргизилет.
3. Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди пайдалануу, чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу же ижарага берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары мындан ары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине аларды ылайык келтиргенге чейин, ага каршы келбей турган бөлүктөрү колдонулат.