Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 46/9-7
“Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо боюнча 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо боюнча 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндөШИИБ нүн башчысынын орун басары А.А.Кожоназаровдун маалыматын,шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо боюнча 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө ШИИБнүн башчысынын орун басары А.А.Кожоназаровдун маалыматы эске алынсын.
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө Кара-Көл шаарынын коомдук уюмдары менен биргеликте (аксакалдар кенеши, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар уюму) эл арасында, мекеме-ишканаларда коомдук тартипти сактоо боюнча пландуу түрдө түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү сунушталсын.
Кара-Көл шаарынын мэриясына (И.М.Еркеев) жана шаардык ички ичтер бөлүмүнө (Р.Т.Ашыралиев) Ленин көчөсүнүн №6 үйүндө балдар чыгармачылык үйүнүн жанында жайгашкан милициялык таяныч пунктун башка жакка жылдыруу сунушталсын.
Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмү (Р.Т.Ашыралиев) массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка наркотикалык заттары бар гүлдөр жана аларды гүлбакчаларга экпөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |