Редакцияот 20.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алга айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2017-жылдын 20-январы № 2/6

Кадамжай райондук мамлекеттик адмнистрациясынын 10.01.2017-жылдагы № 1-17/07-б буйругунун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премиер-министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы № 18/145 протолдук тапшырмасына ылайык “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук филиалы иштетип жаткан муниципалдык менчиктеги обьектилерди филиалдын балансында өткөрүп берүү жөнүндө

Кадамжай райондук мамлекеттик адмнистрациясынын 10.01.2017-жылдагы № 1-17/07-б буйругун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер –министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы № 18/145 протоколдук тапшырмасына ылайык “Кыргыз почтасы” мамлекеттик иш канасынын Кадамжай райондук филиалы иштетип жаткан муниципалдык менчиктеги обьектилерди филиалдын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Алга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги маданият үйүнүн ичиндеги Алга почта каанасы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук филиалынын менчигине өткөрүүгө уруксат берилбесин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ш. Акбаров