Загрузка документа…
КАРА – БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 10
«Кара-Балта шаарынын 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жана Кара-Балта шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору»
Кара-Балта шаарынын 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.О. Алымходжаевдин информациясын карап чыгып, Кара-Балта шаарынын шаардык Кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.О. Алымходжаевдин информациясын «Кара-Балта шаарынын 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары жөнүндө» кабыл алынсын.
Кара-Балта шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору бекитилсин.
Ушул токтомду аткаруу ишин бюджет, муниципалдык менчиктештирүү, каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Кара – Балта шаар мэриясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: т/к., мэрияга, иш кагазына.
Шаардык Кеңешинин төрагасы
Төрага | Сарсембаев Г.А. |
Кара-Балта шаарынын 2016-жылдын 12-айынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жыйынтыктары боюнча маалымат.
Кара-Балта шаар мэриясынын тарабынан 2014-2017- жылдардагы туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында белгиленген маселелерди аткаруу максатында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө белгилүү иштер аткарылды.
2016-жылдын 12-айынын ичинде Кара-Балта шаарынын өнөр-жай ишканалары аркылуу чыгарылган өндүрүштүн көлөмү 58 млрд.321 млн. сом өлчөмүндө өндүрүш өндүрүлүп, былтыркы жылга салыштырганда өсүү темпи 127,6% түзгөн.
Аффинаждык өндүрүштүн көлөмүн эсепке албаганда 7 млрд. 068 млн. сом товар өндүрүлүп,өсүү темпи былтыркы жылга салыштырганда 147,1 % түзгөн.
Нефть заводу ЖЧК “Чайна Петроль Компани “Джунда” чыгарган продукциясы 2016-жылдын 12-айынын жыйынтыгы боюнча 6 254 373,6 миң сомду түзгөн, былтыркы жылга салыштырганда өсүү темпи 168,7 % түзгөн.
Былтыркы жылга салыштырмалуу өндүрүшүнүн өсүү темпин камсыз кылган ишканалар:
АК “Апросах” 104,8 %
ЖЧК “Айлана” 167,7 %
Кара-Балта типографиясы 105,9 %
ЖЧК “Интерхим” 2 эсе көп
ААК”АРЗ” 122,1 %
Аффинаждык завод 125,2 %,
ЖАК “Имоту-Интерпрайз”- 151,8 %
Объективдүү себептер менен бир кыйла төмөндөгөн ишканалар: ЖЧК “Даймонд Гласс” – 63,3 %, ЖЧК “Алко-Трейд” -60,8 %, ЖЧК “КЗСИ”-29,5 %, ЖЧК “Нуристан”- 77,3 %, Кара-Балтадагы өндүрүштүк бирикмеси “ЭЖЖСК” -95,3 %. %,
2016-жылдын 12-айынын ичинде :