Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 07-июлу № 12/4

Бала бакчалардын чарбалык муктаждыктары үчүн мурда бөлүнгөн акча каражаттарынын статьяларын өзгөртүп берүү жөнүндө

Бала бакчалардын чарбалык муктаждыктары үчүн мурда бөлүнгөн акча каражаттарынынстатьяларын өзгөртүп берүүнү карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңешини

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бала бакчаларынын чарбалык муктаждыктары үчүн мурда бөлүнгөн (ст.2222 1200)

770 000 (жети жүз жетимиш миң) сомдун багыты өзгөртүлүп бала бакчалардын жабдуу жана материал сатып алуусуна (ст. 2222 1100) -162 600 (жүз алтымыш эки миң алты жүз) сом, имараттын кезектеги ремонтуна (ст.2221 1100)- 483 406 (төрт жүз сексен үч миң төрт жүз алты) сом, чарбалык муктаждыктарын үчүн материал алууга (ст.2222 1200)-35 000 (отуз беш миң) сом, имаратты оңдоп кызмат көрсөтүү (ст.2215 4900)-88 994 (сексен сегиз миң тогуз жүз токсон төрт) сом бөлүнсүн. (Бала бакчалар боюнча бөлүнүшү тиркемеде тиркелет.)

2.Сметага өзгөртүү киргизип берүү Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 тиркеме: 1б., 1н

 

Төрага

Ж.Балкыбеков