Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 07-июлу № 12/6

Көрүстөнгө бөлүнгөн жер аянтына баруучу жолду оңдоого жана Барчын-Уя бала бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Көрүстөнгө баруучу жолду оңдоп курууга жана Барчын-Уя бала бакчасына чарбалык муктаждыктарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө депутаттардын сунуштарын жана жарандардын кайрылууларын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теңдик айылынын таза суусуна бөлүнгөн 2 000 000 (эки милион) сомдон калган, 1 750 000 (бир миллион жети жүз элүү миң) сом акча каражатынын багыты өзгөртүлүп, Оро-Башы коктусунун башындагы көрүстөнгө баруучу жолду оңдоого жана 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Барчын-Уя бала бакчасына (ст. 2215) бөлүнсүн.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Балкыбеков