Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 07-июлу № 12/8

Теңдик айылынын клубун буздуруу маселеси жөнүндө

Теңдик айылынын клубун бузуу жөнүндө депутаттардын сунушун карап, талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теңдик айылынын клубу көз карандысыз эксперт тарабынан балансын.

2. Клубду буздуруу маселеси боюнча 3 депутаттан төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

 1. Аситов Алмаз Төлөкович- айылдык кеңешинин депутаты

 2.Чынасылов Улан Аскербекович- айылдык кеңешинин депутаты

 3. Чөкчөев Кылыч Акинович- айылдык кеңешинин депутаты

2. Бул маселени көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнү башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.

3. Клубду балатуу мыйзамга ылайык коюп сатуу,буздуруу иштерин комиссия менен бирдикте 1-сентябрьга чейин бүткөрүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Ж.Балкыбеков