Редакцияот 09.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 09-октябры № 31

Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы маданият үйүнүн курулушу дем берүүчү гранттын эсебинен курууга макулдук берүү жөнүндө

Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы маданият үйүнүн курулушу дем берүүчү гранттын эсебинен курууга макулдук берүү жөнүндө Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Балтабаевдин баяндамасын угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы маданият үйүнүн курулушу дем берүүчү гранттын эсебинен курууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Балтабаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Зикиров