Редакцияот 18.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айылдык Кеңешинин 7-шайланышынын 24-кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 18-марты № 7

Ветеринардык сервистердин көрсөткөн кызматтарына төлөнүүчү баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө

Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагынын тургундарынын малдарына ветеринардык жардам көрсөтүү боюнча менчик ветеринардык сервистердин көрсөткөн кызматтарына жараша төлөнүүчү баалардын прейскурантын бекитүү максатында, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагынын тургундарынын малдарына ветеринардык жардам көрсөтүү боюнча менчик ветеринардык сервистердин көрсөткөн кызматтарына жараша төлөнүүчү баалардын прейскурантын бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Ветеринардык сервистердин көрсөткөн кызматтарына жараша бирканын акчасынын чогулушуна көмөк көрсөтүүсү айыл өкмөтүнүн вет адиси С.Абасовго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытов менен макулдашылсын.

 

Төрага

Б.Аттокуров