Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык кеңешинин VI чакырылыш кезектеги ХХ сессиясы
2016-жылдын 15-ноябры № 1
Арстанбап айыл өкммөтүнүн балансында турган Арстанбап клубунун астындагы верандасын мыйзамдуу пайдалануу жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги XX сессиясы Арстанбап айылынын спортсмендерин 01.09.2016-жылдын №КЛ-285 арызын, Арстанбап айыл Өкмөтунун башчысынын орунбасары Б. Кыпчаковдун ошол маселе боюнча билдирүүсүн жана айылдык Кеёештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясын сунушун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап клубунун астындагы веранда бүгүнкү күнгө чейин максаттуу пайдаланбай талаш -тартышты жаратып жаткандыгын эске алып. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн жаштар жана спорт комитетинин көзөмөлүнө өткөрүп берилсин.
2. Жаштар жана спорт комитетине Арстанбап клубунун верандасын спортту өнүктүрүү багытында пайдалануу милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И. Чолпоновко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айылдык Кенешинин муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Таштанбеков |