Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айыл кеңештин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы

 

2017-жылдын 15-декабры № 30

“Айыл аймагындагы жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”

Жерлерди муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Биринчи Май айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке айыл чарба багытындагы эмес жер тилкелери мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилсин.

2. Ак-Суу а. Добровольского көчөсүндө (Крахмалопаточный заводдун түштүк тарабы) жайгашкан жалпы аянты 5000,0 ч. метр жер тилкеси.

3. Биринчи Май айыл аймагындагы № 48 контуру 141 разъезд жайгашкан жалпы аянты 3000,0 ч. метр жер тилкеси.

4. Москва районунун Мамлекеттик каттоо кызматында бекитилген жер тилкелерин каттоо кызматын жерге жайгаштыруубоюнча жетекчи адис Кожонов Д.С. аткарсын.

 

 

Төрага

У. Дунганов