Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин V сессиясы
2017-жылдын 08- сентябры № 4
Сузак райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун №8 13.07.2017-ж. каты жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак районуна караштуу райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун имаратын курууга Ленин айылындагы 561-контурундагы айыл чарбасына жараксыз жерден 0,35 га жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| Ленин айылдык кеңешинин 08.09.2017-жылдын V-сессиясынын №1 токтомунун №1 тиркемеси. |
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨПте чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Ленин айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясынын максаты – Ленин айылдык аймагында жогорку сапатта жана азыраак чыгым менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылды: