Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясы

 

2017-жылдын 15-декабры № 68

Карышкыр атууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн аймагында карышкыр атууну уюштуруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айыл өкмөтүнүн аймагында карышкыр атууну уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Рахманкулов