Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясы

2017-жылдын 15-декабры № 66

Арал айыл аймагындагы Медетов Асылбек атындагы маданият үйүн капиталдак ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү(үлүштүк) гранттык долбоорго кошумча өздүк салым кошуу жөнүндө

Арал айыл аймагындагы Медетов Асылбек атындагы маданият үйүн капиталдак ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү(үлүштүк) гранттык долбоорго кошумча өздүк салым кошуу жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айыл аймагындагы Медетов Асылбек атындагы маданият үйүн капиталдак ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү(үлүштүк) гранттык долбоорго жалпы суммадан 20% пайыздык өлчөмдө б.а. 600000(алты жүз миң) сом өздүк салым 2018-жылдын бюджетинен төлөнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Найзабеков