Редакцияот 22.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы

 

2017-жылдын 22-ноябры № 9/2

Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетине жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48 беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетине жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Т.Ниязалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагнын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жылга карата бюджети  Киреше бөлүгү 439240 сом  Чыгаша бөлүгү 439240 сом өлчөмүндө өзгөртүлүп бекитилсин  

2. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайданануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору  киреше бөлүгү 439240 сом  чыгаша бөлүгү 439240 сом болуп өзгөртүлүп белгиленсин

3. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайданануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору   киреше бөлүгү 439240 сом  чыгаша бөлүгү 439240 сом болуп өзгөртүлүп белгиленсин

4. Талаа-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын киреше бөлүгүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Эсекеев