Редакцияот 24.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 24-сентябры № 6

«Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүп берүү жөнүндө»

Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүп берүү жөнүндөгү» Осмонбеков Кутманалынын суранычын угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүлүп берилсин.

2. Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан «Кош-Арыкка» кеткен асма көпүрөдөн асфальт жолго чейин 10 машина шагыл түшүрүү үчүн, ашыкча түшкөн каражаттардан  акча каражат бөлүп берүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Смайылбеков