Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 19
«Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жерин тактап берүү жөнүндө»
Боо-Терек айылдык аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, 2012-жылдын 4-сентябрындагы «Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жери жөнүндөгү» №1 чыгыш сандуу кат кайрылуусун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жери такталып берилсин.
2. Боо-Терек айылдык аймагынын тургуну Саткыналиев Сүйүналынын үлүш жерин тактап берүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча жетектөөчү адиси Дж. Аблаевге жана айылдык Кеңештин туруктуу жер боюнча комиссиясынын депутаттарына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаттарына калтырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |