Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-сентябры № 21
«Боо-Терек айыл аймагынын жашоочуларынан таза-суу үчүн алынуучу акча төлөмдөрү жөнүндө»
Боо-Терек айыл аймагынын XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXVIII сессиясы, «Боо-Терек айыл аймагынын жашоочуларынан таза-суу үчүн алынуучу акча төлөмдөрү жөнүндөгү» ИСКАКБ «Таза-суу» нун жетекчиси А. Шатмановдун өтүнүчүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын «Жергиликтүү маанидеги маселелер жөнүндөгү» 18-беренесинин «Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндөгү» 1-пунктунун (Калкты ичуучу суу менен жабдуу жөнүндөгү) 4-пунктчасын жетекчиликке алып, ошондой эле КРнын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын «Шаардык, айылдык, райондук Кеңештердин компетенциясы жөнүндөгү» 31-беренесинин «Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КРнын Мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү» 4-пунктун ишке ашырып аткаруу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Боо-Терек айыл аймагынын жашоочуларынан таза-суу үчүн алынуучу акча төлөмдөрү жөнүндөгү» ИСКАКБ «Таза-суу» нун жетекчиси А. Шатмановдун өтүнүчү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Боо-Терек айыл аймагынын (таза-суу киргизилген үйлөрдүн) ар бир жашоочусунан 15 (он беш) сомдон таза-суу үчүн акча төлөмдөрү алынсын.
3. Боо-Терек айыл аймагынын жашоочуларынан (үйүнө таза-суу киргизилбеген бирок таза- сууну колдонгон үй-бүлөлөрдүн) ар бир жашоочусунан 10 (он) сомдон таза-суу үчүн акча төлөмдөрү алынсын.
4. Боо-Терек айыл аймагынын тургундары, турак-жай короо жайына таза-сууну киргизиүү үчүн ИСКАКБ «Таза-суу»нун жетекчиси А. Шатманов менен келишим түзүп кызмат акысына 3000 (үч мин) сом төлөмү каралсын
5. Боо-Терек айыл аймагынын ар бир жашоочуларынан таза-суу үчүн акча төлөмдөрүн чогултуп жана Боо-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө отчёт берүү жагы ИСКАКБ «Таза-суу» нун жетекчиси А. Шатмановго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |