Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 29
Жайыттарды жана мал-чарбасын башкарууну жакшыртуу аркылуу келген акча каражаты жөнүндө
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине таянуу менен Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Суу айылдык аймагындагы жайыттарды жана мал-чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоору аркылуу келген акча каражатты максаттуу пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
Аталган акча каражатын жумшоо төмөндөгүчө белгиленсин:
1.Кой кыркуу боюнча керектүү бардык шаймандарды алууга жумшалсын.
2.Жогорудагы аталган иштер боюнча долбоорлорду жазуу жана аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин муниципиалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |