Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 18- майы № 21/4-27
“Административдик укуктарды бузуу жөнүндө”
Жашыл бак-дарактарды, чарба жерлерди сактап калуу, жана Орловка шаарынын коомдук жерлерде тазалыкты жана тартипти орнотуу максатында Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагында, шаардын ичинде, Победа паркынын ичинде, мүрзөлөрдө, айдоо жерлерге мал жаюуга тыюу салынсын.
2. Айыл- чарба жерлерин тэбэлөөгө тыюу салынсын.
3. Атайын бөлүнүп берилген жерлерден башка жерлерге таштанды таштоого тыюу салынсын.
4. Тартипти бузгандарга административдик укуктарды бузуу тууралуу материалдарды түзүп, айып салуу үчүн сотко берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаардык кеңешинин жер комиссиясын төрагасы Т. С. Бейшеналиевге жана Орловка шаардык мэриясынын вице мэри К.Ч. Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. С. Сарбаев |