Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 7-1/1
“ Жайыт комитетине АРИСтин долбору аркылуу алынуучу техникага жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу”
АРИС долбоору аркылуу айыл аймагындагы Жайыт комитетинин ишин колдоо иретинде атайын техника алууга 25% өлчөмүндөгү өздүк салым үчүн акча каражатын карап берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 51-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.АРИС долбоору аркылуу айыл аймагындагы Жайыт комитетинин ишин колдоо иретинде атайын техника алууга өздүк салым үчүн кошумча түшкөн кирешеден 300 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Бөлүнгөн өздүк салым үчүн керектелүүчү 300 миң сом акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин. (№1-тиркеме тиркелет)
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
төрага | Абдибает уулу М |
Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги
жетинчи сессиясынын № 7-1/1-токтомуна №1-тиркеме.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын планынан ашыкча жана кем аткарылышын эске алып бюджетке кошумча тактоо киргизүү боюнча.
№ | Бектилген план(сом) | Аткарылганы (сом) | Айырмасы (сом) | Токтом № | Кирешенин аталышы |
1 | 780,0 | 880,0 | 100,0 | 7-1/2 | Транспорт салыгы |
2 | 80,0 | 122,0 | 42,0 | 7-1/2 | а/чарба эмес багытындагы жер салык |
3 |
| 194,1 | 194,1 | 7-1/2 | Лицензиядан алынуучу салык |
4 | 37,0 | 16,5 | -20,5 | 7-1/2 | Милдеттүү патент салыгы |
5 | 300,0 | 350,0 | 50,0 | 7-1/2 | Ижара акы |
6 | 33,0 | 43,0 | 10,0 | 7-1/2 | Кыймылсыз мүлк салыгы |
7 | 538,6 | 563,6 | 25,0 | 7-1/2 | Юридикалык жер салыгы |
8 | 172,0 | 161,4 | -10,6 | 7-1/2 | Таштанды ташып чыгаруу |
жалпысы | 1940,6 | 2330,6 | 390,0 |
|
|
Чыгаша бөлүгүнүн беренелерге бөлүнүшү боюнча маалымат
| |||||
№ | бөлүм | берене | Токтом№ | суммасы | Финансы каражаттары эмнеге багытталган |
7 | 706,29 | 3112 | 7-1/2 | 300,0 | АРИС долбоору боюнча жайыт комтетине атайын техника алууга өздүк салым үчүн. |
8 | 706,29 | 2221 | 7-1/2 | 65,0 | Куу-майдан айылына ФАП ачууга имаратын ремонттоого |
9 | 706,29 | 2221 | 7-1/2 | 25,0 | Куу-майдан айылына Достук көчөсүнө э/чубалгы тартууга |
жалпысы |
|
|
| 390,0 |
|
жооптуу катчысы | Шадыбекова А.П. |