Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 7-2
“Куу-майдан айылынын тургундарынын арызы тууралуу”
Куу-майдан айылынын тургундарынын Апсатаров Жуман ажынын үстүнөн даттануусун угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15-пунктуна жана 4-главасынын 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жуман ажынын өзүнө тиешелүү жерди тактап, ажыратып берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Нурматов О-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
Маматалиев Ж-жер адиси, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мүчөлөрү.
Матосмонов М - участкалык инспектор.
Ажибаев С - а/кеңештин депутаты.
Аширбеков Р /кеңештин депутаты.
Карыбеков Н - /кеңештин депутаты.
Осмоналиев Э - /кеңештин депутаты.
Асамидинов К-Куу-майдан айылынын айыл башчысы.
Осмонов М-айыл өкмөтүнүн башкы адиси.
2. Апсатаров Жуман ажыга тиешелүү жерди тактап берүү жагы комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |