Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 7-3
“Чегеден айылынын тургуну жеке ишкер Б.Кушбаковдун арызы тууралуу”
Чегеден сайынын сол жээгин суунун нугунан чыкпай турган кылып тосуп, тосмонун арт жагындагы жер тилкесин өздөштүрүүгө берүү тууралуу арызын карап жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 9 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чегеден айылынын тургуну жеке ишкер Б.Кушбаковдун арызы канаттандырылсын.
2. Чегеден сайынын сол жээгин суунун нугунан чыкпай турган кылып тосуп, тосмонун арт жагындагы жер тилкесин өздөштүрүү үчүн жеке ишкер Б.Кушбаковко токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |