Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 7-5
“Куу-майдан айылынын тургуну Абдикеримов Акматалинин арызы тууралуу”
Куу-майдан айылындагы төрт көчөнүн кесилишиндеги жардын жээгин бекемдеп контейнер коюуу жөнүндөгү Куу-майдан айылынын тургуну А.Абдикеримовдун арызын карап жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын тургуну Абдикеримов Акматалинин арызы канаттандырылсын.
2. Куу-майдан айылынын төрт көчөнүн кесилишиндеги жардын жээгин бекемдеп контейнер коюуу үчүн токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |